Юридикалык жак – КР жарандык мыйзамдары боюнча, менчигинде, чарбалык жетекчилигинде же ыкчам башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлктөрү болгон жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ошол мүлктөр менен жоопкерчилик тарткан, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алуучу жана ишке ашыруучу, милдеттенме аркалоочу, доочу жана жоопкер болуучу уюм. Өзалдынча балансы жана сметасы болуусу керек. КР жарандык мыйзамдарына ылайык коммерциялык уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга бөлүнүшөт. Ю. ж. белгилүү укук жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болот (кара:Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү). Уставдын болбосо уюштуруучу келишимдин жана Уставдын, болбосо уюштуруучу келишимдин гана негизинде аракеттенет. Мыйзамдарда каралган учурларда коммерциялык уюм болуп саналбаган Ю. ж. ошондой уюмдар жөнүндөгү жалпы жоболордун негизинде аракеттене алат. Мыйзамдарга жана башка укуктук актыларга жана уюштуруучу документтерге ылайык аракеттенүү менен өзүнүн органдары аркылуу өзүнө жарандык милдеттенмелерди жана жарандык укуктарды ала алат. Мыйзамдарда каралган учурларда Ю. ж. өзүнүн катышуучулары аркылуу да жарандык укуктарды, жарандык милдеттенмелери ала алат. Анын ишмердиги кайра уюштуруу же жоюу жолу менен токтотулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү