Юридикалык техника
Юридикалык техника – укуктук актылардын мазмунун жана түзүлүшүн иштеп чыгууда жана аларды турмушка ашырууда пайдаланылуучу белгилүү ыкмалардын, эрежелердин, усулдардын жыйындысы. Юридика аталгытаануу (кара:Юридика аталгылары), юридикалык түзүлүштөр, ченемдик укуктук актыларды куруунун ыкмалары да Ю. т. элементтери болуп саналашат. Ю. т. түрлөрү – мыйзам чыгаруу техникасы, сот техникасы ж. б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7