Юрий Борисович (Бенционович) Мильнер (1961-жыл 11-ноябрь, СССР, РСФСР, Москва) - ишкер, менежер, DST Globalдын ээси, Mail.ru Groupтун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы жана мурдагы ээлеринин бири. Мильнер технологиялар секторунда дүйнөдөгү эң таасирлүү инвесторлордун бири болуп саналат. DST Global фонддор бүлөсү аркылуу дүйнөлүк ири интернет-компанияларын инвестициялаган. Алардын ичинде Facebook, Zynga, Twitter, Flipkart, Spotify, Groupon, JD.com, OlaCabs, AirBnB, WhatsApp, Wish жана башка көптөгөндөрү бар. Мильнер ошондой эле, 23andMe, PlanetLabs, Xiaomi компанияларында инвестор болуп саналат.

Юрий Мильнер (2011).

Мильнер бир нече жолу дүйнөдөгү кадыр-барктуу бизнес лидерлердин бири деп таанылган. 2017-жылдын мартында Fortune журналы Мильнерди дүйнөнүн эң мыкты лидерлеринин тизмесине кошкон (World's Greatest Leaders), Time журналы 2016-жылы Мильнерди "Титандар" категериясында Time 100 дүйнөнүн эң таасирлүү адамдары тизмесине киргизген. 2013-жылдын май айында Foreign Policy (Эл аралык саясат) журналы Мильнерди "Power Listине" - "жер жүзүнүн эң таасирлүү 500 кишиси" тизмесине кошкон. Мильнер 2012-жылы Bloomberg Markets журналы тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн эң таасирлүү 50 бизнесменинин тизмесинде орун алган. 2010-жылы Fortune журналы түзгөн 2010-жылдын эң чыгаан 50 бизнесмени тизмесинде 46-орунду ээлеп, бул тизмедеги жалгыз орусиялык болгон. Ошол эле жылы Орусиянын Ведомости гезити Мильнерди Жылдын бизнесмени деп атаган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү