Юрисконсульт
Юрисконсульт (лат. jurisconsultus – укук таануучу) – укук кызмат уюмунун кызматкери. Ю-га администрация тарабынан (өз ыйгарым укугунун чегинде) чыгарылган буйруктар менен тескемелердин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө, башка уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө катышуу жүктөлөт; күндөлүк мыйзамдар тууралуу кызматкерлерди маалымдар кылуу жана аларга укуктук жактан көмөк көрсөтүү; ал уюм доогер же жоопкер катары чыккан сот иштерине катышуу ж. б. у. с.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7