Ябалаха, Мар (1317-ж. өлгөн) – несториан динин (христиандык бир нукту) туткан кечил. Кытайда туулган. Улуту уйгур; өз аты Маркос.
1278-ж. Маркос өзүнүн досу Барсаума деген ханбалыктык (бээжиндик / пекиндик) уйгур жигит менен бирге несториандардын ыйык шаары Иерусалимге зыярат кылууга жөнөгөн. Ханбалыктан таңгуттардын жери аркылуу Кашкарга жана Таласка (бул жерди Хайду хан бийлеп турган), андан соң Хорасан менен Азербайжанга (борбору – Марага шаары), Арбела менен Аниге өтүшкөн; жолдо каракчылардан Иерусалимге өтө алышпай, кайра артка кайтышкан.
Марага шаарында несториандардын чиркөө башчысы («мар») Маркоско «Ябалаха» деген диний ысым берип, Түндүк Кытайдагы нестоирандардын саны митрополити кылып дайындоону чечет.
Көп узабай Багдад шаарында чиркөө башчысы каза болгодон кийин анын ордуна моңгол, кытай жана түрк тилдерин жакшы билген бүткүл несториандардын башчысы («мар») болуп дайындалган.
Белгисиз автор Ябалаханын жана анын досу Барсауманын диний сирия тилинде «Мар Ябалаха Ш-нүн жана раббан Сауманын тарыхы» аттуу чыгарма жазган. 1958-ж. бул тарыхый эмгек орусчага которулган.
(Т.Ч.)


Пайдаланылган адабияттар: түзөтүү

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Шилтемелер түзөтүү