Ядролук реактор, атом реакторубашкарылма ядро уланма реакциясы жүрүүчү түзүлүш.

Биринчи Ядролук реактор 1942-ж. АКШда Э. Фержинин жетекчилигинде курулган. Европада биринчи Ядролук реактор 1946-ж. Москвада И. В. Еурчатовдун жетекчилигинде ишке киргизилген. 1978-ж. дүйнөдө түрдүү типтеги миңге жакын Ядролук реактор иштеген. Ар кандай Я. районун курамдык бөлүгү: ядро отундуу активдүү зона, нейтрондорду чагылдыргыч, жылуулук ташыгыч-суу, уланма реакцияны жөндөгүч система, радиациядан коргогуч, аралыктан башкаруу системасы. Я. районун негизги мүнөздөмөсү - кубаттуулугу. Көпчүлүк Ядролук реакторунда бөлүнүүчү зат катары 235U колдонулат. Ядролук реактор нейтрондордун энергетикалык спектрине карата тез (нейтрондордун энергиясы 100 кэВтен жогору), жылуулук (нейтрондордун энергиясы 0,025 эВ) жана аралык (энергиясы 1 эВтон бир нече кэВте чейин), конструкцияясы боюнча гетерогендүү жана гомогендүү Ядролук реактор болуп ажыратылат. Арналышы жана кубаттуулугу боюнча Ядролук реактор эксперименттик, илимий-изилдөө, изотоптук жана энергиялык болуп бөлүнөт. Эксперименттик реактор Ядролук реакторун долбоорлоо жана эксплуатациялоо үчүн түрдүү физикалык чоңдуктарды изилдөөгө арналып, кубаттуулугу бир нече кБвтан ашпайт. Илимий изилдөө реактору активдүү зонада пайда болгон нейтрон жана -квант агымы материалдарды сыноодо, ядро физикасында, катуу нерселер физикасында, радиациялык химия менен биологияда колдонулат. Кубаттуулугу 100 МВттан ашпайт. Илимий-изилдөө Ядролук реакторуна импульстуу реактор кирет. Изотоптуу Ядролук реактор. нейтрон агымы аркылуу изотопторду алуу үчүн колдонулат. Энергиялык Ядролук реакторунда ядронун ажырашында бөлүнүп чыккан энергия электр энергиясын алууда, жылуулук менен жабдууда, деңиз суусун туздан тазалоодо, о, эле кемелердин күч бергич түзүлүштөрүндө ж. б-да пайдаланылат. Азыркы энергиялык Я. районун кубаттуулугу 35 ГВт (к. Ядролук энергетикасы, Атом электр станциясы). Гетерогендүү Ядролук реактор кеңири тараган. Мында ядролук отуну болуп 238U пайдаланылат. Бул ядролук энергетиканын ресурсун кескин көбөйтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4