Язгулем - Памирдеги кырка тоо.

Язгулем жана Бартаң дарыянын аралыгында жайгашкан. Уз. 170 кмдей. Орт. бийиктиги 4500-6000 м. Эн бийик жери - 6974 м (Революция чокусу). Сланец, кумдук, акиташ теги, граниттен турат. Бийик тоолуу рельеф басымдуу. Мөңгүлүү (жалпы аянты 630 км2дей). Капталдарын жарым чөл жана бийик тоо шалбаалуу талаа ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4