Яйла - Крым тоолорунун негизги жалчасы, түштүк капталы тик, түндүгү жантайыңкы.

Кара деңизди бойлой 110 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 1545 м (Роман-Кош чокусу). Тоо-токой ландшафты (түштүгү жер ортолук деңиздик) мүнөздүү, чокуларында шалбаа, талаа өсүмдүктөрү өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4