Якоби Фридрих Генрих (1743–1819) – немец философу жана жазуучусу. Рационализмди сынга алган жана «сезим менен ишенимдин философиясы» деген багытты негиздеген. Якоби үчүн сезим, туюу опыты (тажрыйбасы) чыныгы жана бирден бир таанып билүү болуп саналат. Акыл-ойдун ишмердүүлүгү сезип-туюу тажрыйбасынын алкагынан чыгып кетпейт. Философиянын түпкүлүгүн (пайдубалын) түзүп турган диний сезимди рационализмдин позициясынан туруп түшүнүү мүмкүн эмес. Мына ушундан философ ой жүгүртүүгө ыңгайлуу философия атеизмге жакын деп эсептеген.

Якоби Фридрих Генрих

Колдонулган адабияттар түзөтүү