Яковлев Владимир Михайлович

Яковлев Владимир Михайлович (1935-ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району, Ананьев айылы) - медицина илимдин доктору (1988), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1998).

КММИни (1959), Крайлык медицина институтунун аспирантурасын (1965) бүтүргөн. Ошол эле институтта врач, кенже, улук илимий кызматкер, окумуштуу секретары (1965-78). Кыргыз ССР ИАнын Физиология, эксперименттик патология жана вирусология институтунда лабораториялык башчысы, директордун орун басары (1980-86). Лабораториялык башчысы, (1986-2000), 2000-жылдан илимий кызматкер. Эмгекке сиңирген машыктыргыч (1987). 120дан ашык илимий эмгеги жарык көргөн, а. и. 3 монография, 7 илимий-практикалык көрсөтмөсү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4