Лангар (лат. ancora, гр. agkyra) кеменин кемени ж. б. сүзүүчү каражаттарды токтогон жайда кармап туруучу түзүлүш.

Ал атайын калыпка куюлуп, ширетилип же ургулап жасалат. Лангар кемеге чынжыр менен бириктирилип, сууга түшүрүлгөндөн кийин таманы кыртышка кирип бекийт. Лангардын таманы кыймылсыз (адмиралдык Лангар) жана кыймылдуу болот. Салмагы 17 7га чейин жана андан да ашык, кармап туруу күчү орто эсеп менен өз салмагынан 10 эсе көп. Лангардын курамына Лангар чынжыры, түшүрүүчү, көтөрүүчү, бекитүүчү жана Лангарды жана чынжырын сактоочу жабдыктар (Лангар клюзу, шпиль, брашпиль, стопор) кирет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4