Якут кыргыздары - Кыргыздар бүгүнкү саха-якуттардын түпкү ата-бабалары менен (курыкандар) орто кылымдардын эрте мезгилдеринен байланышта болуп келишкен.

Якуттардын орто кылымдардагы кыргыздардын кошунасы болгон курыкандар менен этностук байланышы, уйгурлар менен алакалары шамаядардын «кара далы тогуз уйгур» же «тогуз кара далы уйгур кыздары» деген дубаларында да чагылдырылат.

Саха-якуттардын болмуштуу ата-бабалары болгон Омогой жана Эллей кыргыз уруусунан чыккан качкындар катары баяндалат. Ал эми курыкан урууларынын Байкал тараптан Ленанын төмөнкү агымдарына карай журт которуусу илимде алгылыктуу иликтенген. Мусулман булактарында якуттардын ата-бабаларын Байкалга көчүп келе баштаган монгол тилдүү уруулар сурүп чыгаргандыгы баяндалат.

Изилдөөчүлөр кыргыздар якуттардын ата-бабаларынын бири болгондугун белгилешери маалым.

В.Ф.Трощанский: «Якуттар үч миң чакырым түштүк тарапта жайгашкан Иркутск деген жерден» келишкендиги жөнүндө уламыштар бар. Кыргыз Сарабай Тойон татар аялы Сайсара менен өз мекенинен түндүк тарапка сапарга чыгышат. Кыргыз Сарабай Тойон жолдо көз жумат; жесири өз балдарын алып Ленага Сайсара суусу куйган (дарыя ошол аялдын атынан калган) жерге (азыркы Якутск шаары) келип жашап калышат.

1937-ж. Якутскиде С.И.Боло Д.Н.Никифоровдун оозунан «кыргыз уруусу» («Кыргыс омук») деген санжыра жазып алган: «Омогой Баая» жана Элтой Боотурлар башкарган мезгилде түштүктөгү өлкөдөн «кыргыс» уруусу жылкы жана ири мүйүздүү малдар менен көчүп келишет. «Кыргыс» уруусунун бул өлкөдө саны анчалык көп эмес эле.

Эгер кимдир бирөө көз жумса, жылкынын ич майы менен сөөктү майлашып, атайын оюп жасалган жыгач табытка салышчу. Токой ичинде жыйналышып, түлөө учурунда атайын даярдалган тамакты жешчү. Андан соң маркумду тирүү мезгилиндеги өз байлыгы менен ошол жерде өрттөп салышчу. Алар бул салтты «сөөк коюлду» деп аташат.

«Кыргыс уруу» жөнүндөгү санжыраларды Көбөй жана Якутиянын башка аймактарынан да учуратууга болот: «Кыргыстаах уругу Ви- люйдан ооп келишти. Алар өздөрүн кыргыоякуттарбыз, Кыргыдай уругунанбыз деп билдиришти». Санжыра Кобяйда жашаган «кыргыс» уругу женүндө маалыматы менен баалуу. Экинчиден, санжырада «Кыргыс» жана «Кыргыдай» этнонимдерин салыштыруу аркылуу да кызыгууну жаратат. Н.А.Аристов өз учурунда «кыргыдай» терминин «кыргыз» этнониминин якут-бурятча аталышы катары караган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.