Яна - Якутиядагы дарыя.. Верхояна кырка тоосунан башталат.

Яна
ОМСР 18040100112117700006264

Дулгалах жана Сартанг дарыянын кошулушунан пайда болот. Уз. 872 км, алабынын аянты 238 миң км2. Эки дарыя бириккенден баштап кенен өрөөн, деңизиндеги Яна булуңуна куярда дельтаны пайда кылат (аянты 5,2 миң км2). Негизги куймалары: Адыча, Бытантай, Ольжо, Абырабыт, Тыках, Бакы. Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Орт. чыгымы 1000 ж3/сек. Жогорку агымында октябрдан апрелдин аягына, төмөнкү агымында июндун башына чейин тоңот. Кеме жүрөт. Балык (омуль, чортон, чир, хариус ж. б) промысели бар. Боюнда Верхоянск ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4