Рангун

Янгон‎»‎ барагынан багытталды)

Рангун, ЯнгонМьянмадагы ири шаар жана экономикалык борбор (2005-ж. чейин анын борбору болгон; Нейпьидого көчүрүлгөн).

Рангун.

Климаты тропиктик, пассаттык. Майдан ноябрга чейин жаан жаайт. Орт. температурасы апрелде 37°С, январда 25,1°С. Жылдык жаанчачыны 2680 мж. Калкы 6,7 млн (2012). Иривади дарыянын дельтасындагы дениз жана дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, текстиль жана тигүү, жыгач, кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, фармацевтика ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет, музейлер бар. 1755-ж. чейин алгач Оккала, андан кийин Дагон аталган. 1852-ж. Улуу Британия басып алган. 1862-1948-ж. Бирмадагы Британия ээлиги. Шуэдагоун (борбордук ступасы б. з. ч. 6-кылымда, 14-18-к. кайра айланасындагы курулуштар 19-20-кылымда курулган) маданий комплекси салынган. Синагога бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү