Ярошенко, Николай Александрович

Ярошенко, Николай Александрович (1846, Полтава – 1898, Кисловодск) – орус сүрөтчүсү. 1867–74-ж. Петербург САда окуган. А. М. Волков менен И. Н. Крамскойдон таалим алган. 1876-ж. Көчмө сүрөт көргөзмө шериктештигине мүчө жана жетекчи. Я-нун алгачкы көрүнүктүү эмгеги – “Түнкү Нева проспекти” (1875) картинасы. Кийин тартылган “Кочегар”, “Камактагы киши” (экөө тең 1878-ж., Третьяков галереясы) сыяктуу чыгармалары ысымын элге тааныткан. Я-нун революциячыл романтикага, назик поэтикалуулукка каныккан “Студент” (1881), “Курсистка” (1883), “Бардык жерде турмуш” (1888; баары Третьяков галереясы) деген картиналары чыгармачылыгынын демократиялык пафосун, гуманизмин, эмгекчи калкка жан тарткандыгын күбөлөйт. Я-нун сүрөттөрү Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде да (“Сванетияда”, 1882) бар. 1962-ж. Кисловодскиде Я-нун көркөм музейи ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү