Яспрес Карл (1883–1969) – немец философу. Диний экзистенциализм өкүлү, психиатр. 1921-жылдан тартып Гейдельберг университетинде философия боюна профессор. 1948-жылдан кийин Базель университетинде. Фашизм талкалангандан кийин ФРГнын либералдык чөйрөсүндө чоң популярдуулукка жетишкен. Анткени фашизм учурунда (1937-ж.) мугалимдик иштен четтетилген болчу. 1960-жылдардын аягында Яспрес Батыш Германиянын саясатындагы реваншисттик тенденцияларды катуу сынга алган.

Яспрестин ой тарыхындагы орду эки ачалуу, эки жактуу, оопайлуу. Анын оболку идеалы – борукердик гуманизм. Маданий кенендиктин идеясы ал үчүн Гетенин аты менен байланышкан. Өзүнүн ойчулдук ишмердигин философия эмес, философсынуу, философ сымал иштөө, аракеттенүү деп баалаган. Философиянын мааниси, Ясперстин ою боюнча, өлкөлөр менен кылымдардын ортосунда жалпы адамзаттык «коммуникация» жолдорун курууда турат деп эсептеген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

ky:Ясперс Карл