Яков Штоффер

Я. З. Штоффер‎»‎ барагынан багытталды)

Штоффер, Яков Зиновьевич (1906, Москва – 1951, ошол эле жер) – театр сүрөтчүсү. Кыргыздын профессионалдык театр жасалга өнөрүнүн негиз салуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1943). 1928-ж. Киев көркөм институтун бүткөн. 1935-ж. Москва сатира театрында иштеген. Москвалык белгилүү театр сүрөтчүсү Ш. 1938-ж. Кыргызстанга Москвада өтө турган кыргыз искусствосунун он күндүгүнө даярдык көрүүгө кол кабыш кылууга келген. Ш. Кыргызстанга келгенге чейин бир да профессионал театр сүрөтчүсү болгон эмес. 1946-ж. чейин Кыргыз мамлекеттик муз. драма (азыркы опера жана балет театрында) иштеген. Анын жетекчилиги менен театр сахнасы кайрадан курулуп, жабдылган. Композиторлор В. Власов, В. Ференин “Алтын кыз”, “Ажал ордуна” (А. Малдыбаев менен бирге) операсынын жасалгасы 1939-ж. Кыргыз искусствосунун он күндүгүндө москвалыктарга көрсөтүлүп, адистердин жогорку баасына татыган. 1940-ж. В. Власов, В. Ференин кыргыздын туңгуч балети “Анардын” жазылышына, коюлушуна бирден-бир демилгечилерден болгон. 1941-ж. Ш. катышуусу менен В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин “Патриоттор” операсы, дүйнөлүк классикадан кыргыз сахнасына алгачкы жолу П. Чайковскийдин “Евгений Онегин” операсы коюлган. Ш. жасалгалоосунда М. Раухвергердин “Көкүл” операсы (1941), “Чолпон” балети (1944) көрүүчүлөргө тартууланган. Ш. кыргыздын тарыхына, маданиятына терең сүңгүп, анын жаратылышын, фольклорун, улуттук кийимдеринин булактарын үйрөнгөн. 1949-ж. Ленинграддагы Киров атындагы опера жана балет театрында Глиэрдин “Кызыл кызгалдактарын”, Ленинграддын Кичи театрында И. Дзержинскийдин “Көтөрүлгөн дың” спектаклдерин жасалгалаган. Ордендер, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү