Үгүт заказнигиКыргызстандагы Нарын облусунун жана Нарын дубанындагы (облусундагы) Акталаа районунунда аңчылык заказниги. Нарын дарыясынын боюндагы Пионер капчыгайынан Терек суусуна чейинки бадалдуу токойду ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып бараткан кекилик, коён, кыргоол, эликтерд и коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.