Борбордук Теңир-Тоодо. Какшаал(жеткиликсиз шилтеме) жана Борколдой, Карлы тоо, Карлыкыр тоолорунун аралыгында кеңдик багытында 80км ге созулуп жатат. Капчыгай(жеткиликсиз шилтеме) батыштан чыгышты карай кууштайт (15–16км ден 200м ге чейин). Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында 3700м, аягында 2600м; Курчаган тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1000–1200м. Капчыгайдын(жеткиликсиз шилтеме) башы Котур жана Айталаа сууларынын аралыгында кенен өрөөн (таманынын жазылыгы 15–16км ге чейин); төртүнчүлүк мезгилдеги муз кап тоонун таасиринен пайда болгон кум, шагыл таштардан туруп, айрым жерлеринде байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар басымдуу, тоо кырларындагы мөңгү(жеткиликсиз шилтеме) капчыгайдын башталышына чейин түшүп жатат. Капчыгайдын ортоңку бөлүгү кууштап (2–3км ге чейин), капталдары тигирээк, Жарыкташ, Туюк, Чолок капчыгай, Шалдырак (сол куймалары) жана Кичине жана Чоң Туура суу, Чоң Төө-Куйрук, Туюк булак, Эки чат, Кичи Төө-Куйрук, Чакан таш (оң куймалары) сууларынын капчыгайлары, кокту-колоттору менен терең тилмеленген. Капчыгайдын аягы өтө кууш (200–300м ге чейин), капталдары тик, көптөгөн капчыгайлар (Кичи Үзөңгү-Кууш(жеткиликсиз шилтеме), Кичи Терек, Чоң Терек, Чаты терек жана башка), кокту-колоттору менен тилмеленген. Капчыгай(жеткиликсиз шилтеме) аркылуу Чоң Үзөңгү-Кууш(жеткиликсиз шилтеме) суусу агып, Какшаалды кесип Кытайга кетет. Баш жагы палеоген(жеткиликсиз шилтеме), неоген(жеткиликсиз шилтеме) жана антропогендин(жеткиликсиз шилтеме) конгломерат(жеткиликсиз шилтеме), кумдук, алевролит(жеткиликсиз шилтеме), кум, шагыл, ортоңку бөлүгү девон(жеткиликсиз шилтеме), карбондун(жеткиликсиз шилтеме) сланец(жеткиликсиз шилтеме), акиташ(жеткиликсиз шилтеме) теги, порфирит(жеткиликсиз шилтеме), диабаз(жеткиликсиз шилтеме), спилит(жеткиликсиз шилтеме), аягы девондун(жеткиликсиз шилтеме) кумдук, сланец(жеткиликсиз шилтеме), кремний(жеткиликсиз шилтеме), конгломерат(жеткиликсиз шилтеме) жана башка тектеринен турат. Климаты континенттик, суук, январдын орточо темперасы – 22°С; айрым убактарда – 50°С ге жетет; жылдык жаан-чачыны 300мм ден ашпайт. Капчыгайдын таманына жанаа баш жагына талаа, айрым жерлерине шалбаа, капталдарына бадал аралашкан кургак талаа (3000м бийиктикке чейин), андан жогору муздак чөл жана нивалдык-гляциалдык(жеткиликсиз шилтеме) ландшафт(жеткиликсиз шилтеме) алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт(жеткиликсиз шилтеме).

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү