Үйлөнүү-салт ырлары — эки жаштын баш кошуу, кызды узатуу, тосуп алуу салтына байланышкан элдик ырлар. Мисалы, кыз узатуу кезинде жөнөп бара жаткан кызга жеңеси минтип ырдаган:


Ичигим чечип кийишкен,
Ичтейим ачып сүйлөшкөн.
Көйнөгүм чечип кийишкен,
Көңүлүм ачып сүйлөшкөн.
Көйнөгүң калды иргеде,
Көңүлүм жаман бирге эле.
Чапаның калды иргеде,
Санаам жаман бирге эле.
(Элдик ырдан)


Үйлөнүү-салт ырлары лирикалык бир топ жанрды ичине камтыйт: көрүшүү ырлары, жар-жар ырлары, үйлөнүү тоюндагы “кемпир өлдү” салты менен кошо аткарылган ыр жана башкалар


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.:

2004