"Үйрөнчүк" (англ. The Intern, орус. Стажёр) - 2015-жылы жарык көргөн Американын комедиялык тасмасы. Режиссёру, продюсери жана сценарийин жазган Ненси Мейерс. Башкы каармандын образдарын Роберт Де Ниро, Энн Хетеуэй, Рене Руссо жаратышса, экинчи пландагы ролдордо Андерс Холм, Эндрю Раннелс, Адам Девин жана Зак Пёрлман ойношот. Тасма Warner Bros. компаниясы тарабынан 2015-жылдын 25-сентябрында көрүүчүлүргө сунушталган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Тасма өндүрүшү түзөтүү

Paramount Pictures компаниясынын баштапкы планы боюнча "Үйрөнчүктө" Тина Фей менен Майкл Кейн башкы ролдордо ойношмок. Бюджети чечилбей калганда башка студияларга бараардан мурда Мейерс алдын ала долбоорун бекитип алып, эки актёр үчүн тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Warner Bros. компаниясына өткөрүлүп берилгенден кийин Фейдин ордуна Риз Уизерспун сунушталган менен бирок Уизерспун жадыбал келишпестигине байланыштуу тасмадан 2014-жылдын 15-январында кетип калган. 2014-жылдын 7-февралындагы акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин Энн Хетеуэй башкы ролдогу Уизерспундун ордуна тартылат деп чечилген. Стефен Голдблатт тасманын оператору болуп дайындалган. 2014-жылдын 23-июнунда Зак Пёрлман тасманын актёрдук тобуна кошулган.

Кассалык жыйымдар түзөтүү

"Үйрөнчүк" Түндүк Америкада 75.7 млн доллар чогулта алган. Ал эми дүйнөлүк кинотеатрлардан алып келген кирешеси 194.5 млн долларды түзгөн. Тасма өзү 35 млн доллар бюджет менен тартылган.

Кинофильм көрсөтүлө баштаган алгачкы эле аптада 15-20 млн доллар киреше алып келет деп мерчемделип жаткан. Ал 17.7 млн доллар чогултуп, кассалык жыйымдар боюнча жаңы эле кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган "Трансилвания мейманканасы 2ден" артта калып 2-орунга чыккан.

Шилтемелер түзөтүү