Үй жаны - кыргыздардын үйлөнүү салтында никелешүүгө чейин өткөрүлө турган такыя сайды жөрөлгөсүнүн айрым аймактардагы аталышы.

Такыя сайуу убагында күйөө бала боз үйдүн жанында тургандыктан ошондой аталган. Бул боюнча бир түрдүү маалымат жок. Фиельструп Ф.А. өзү жыйнаган материалдардын биринде ал тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берген.

«Күйөө бала колуктусунун айлына келгенде аны башка боз үйгө башка меймандар менен чогуу отургузушат. Боз үйгө башына чапан жаап, анын үстүнөн шөкүлө кийген бирөө кирип ортого олтурат. Күйөө бала сыртка чыгып таяктын учуна жоолук байлап, тешиктен ыргытат да «оңбу» же «солбу» деп сурайт. Отурган киши «кайдагы оң, сол» мен кыз эмесмин, эркекмин деп чапанды ыргытып, жоолукту алып чыгып кетет. Андан кийин ошондой эле кийиндирилген колуктуну алып келишет. Жогорудагы көрүнүш кайра кайталанат.

Бирок бул учурда колуктунун энеси «оң» деп жоолукту алып чыгып кетет. Күйөө бала үйгө кирип, баары чогуу эт жешет. Күйөө колукту боз үйдө калышат. Эрте менен таң заарда аларды ойготуп, колуктуну атасынын үйүнө алып кетишет, ал эми күйөө бала эч кимге көрүнбөй өз айлына кетет. Үй жаны (күйөө-колуктунун жакындашуусу) калың төлөнүп бүткөнгө чейин уланат».

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.