Үй тапшырмасы – окутуу жараянын ажырагыс бир бөлүгү, логикалык жыйынтыгы. Ал класстык иш менен байланыштуу. Класста өтүлгөн нуктаны окуучу үйдө кайталап окуйт, эске түшүрөт, оозеки жана жазуу жүзүндө тапшырмаларын аткарат, маселе чыгарат, байкоо жүргүзөт, тажрыйба өткөрөт. Өтүлгөн нуктаны өз алдынча толуктайт, билим, билгичтик, көндүмдөрдү бекемдөөгө шарт түзүлөт.

Үй тапшырмасында чыгармачыл мүнөздөгү тажрыйбалар өзгөчө мааниге ээ. Мында окуу материалдарын өркүндөтүп, өзгөртүп түзүүгө, жаңыча комбинациялоого (сочинение жазуу, модель жасоо, таблица, диаграмма түзүү жана башка), ошондой эле теориялык билимди практикада, өнөрканаларда, мектеп аянтчасында колдонууга машыгат.

Окуу программаларында үй тапшырмасынын педагогикалык талапка ылайык көлөмү эске алынат. Үй тапшырмасы жеткиликтүү болууга тийиш жана өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк ачышы зарыл. Тапшырма кыскача жазуу тактасыга (доскага) жазылат жана аны окуучу күндөлүгүнө көчүрүп алат. Мугалим түшүндүрүп, багыт берет. Үй тапшырмасы жалпы окуучуларга гана эмес, жекече айрым окуучуларга да берилет. Сабакта жетише албаган окуучулардын мүмкүнчүлүгү да эске алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004