Үн оператору - кино тартуучу топтун мүчөлөрүнүн бири; үн бригадасын жетектейт, сценарийди иштеп чыгууга, актёр тандоого (үнү, дикциясы жагынан) катышат, үн экспликациясын даярдайт, синхрондук жазып алуу, кинону сүйлөтүү, музыканы жана ар кандай үндү жазып алуу, фильмди кайра жазуу ж. б. иштерди аткарат; радио уктуруу, телекөрсөтүү жана үн жазуу студияларында Үн оператору магниттик фонограммаларды жазуу жана көчүрүү, үн режиссёрунун жетекчилиги менен жазылган үндү монтаждоо, мурда жазылып алынган үн көчүрмөсүн алуу жана калыбына келтирүү сыяктуу иштерди аткарат.

Үн оператору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4