Үн түйүндөрү - ар кандай тыбыштардын жасалышына негиз болуп саналуучу үндү пайда кылууда эң башкы ролду ойнойт. Алар бири-бирине туташып, жанаша орношкон жана ортосунда үн жылчыкчасы бар эластикалуу (серпилме) эки кичинекей булчуңдан турат. Бул эки булчуңдун арасы бирде биригип, бирде ачылып, үн жылчыкчасынын абалын өзгөртүп турушу тыбыштардын жаралышына өбөлгө түзгөн бирден-бир негизги физиологиялык кубулуш болуп саналат. Адам сүйлөй баштаганда, үн түйүндөрү керилген абалда болуп, анын жогоруда аталган булчуңдары үн жылчыкчасын жаап калат. Өпкөдөн кекиртек аркылуу өтүп келе жаткан абанын агымы жабык абалда турган үн жылчыкчасы аркылуу кысылып өтөт да, үн түйүндөрүн серпилтип, дирилдеген абалга келтирет. Бул үндү пайда кылуучу негизги шарт болуп эсептелет, анткени үн түйүндөрүнүн дирилдеши менен аба термелет. Мындай термелүүдөн үн пайда болуп, ал дагы башка сүйлөө органдарынын кызматы аркылуу ар кандай тыбыштарга айланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү