Үркүнчү уулу Кудайберген

Үркүнчү уулу Кудайберген (1852,Кочкор өрөөнү - 1937, ошол эле жер) - комузчу, мүнүшкөр.

Андан Муратаалы, Карамолдо, Боккөтөн, Майлыбай, Самсаалы ж. б. Таалим алган. Шакирти Самсаалы Аликеев-дин аткаруусунда «Кудайбергендин ботою», «Кудайбергендин шыңгырамасы», «Кудайбергендин кербези»,«Сен, дүйнө», «Саадак какты», «Бул-бул сайрак», «Керээз», Асылбек Эшмамбет уулунун, Муратаалынын чертүүсүндө «Насыйкат», «Кудайбергендин арман күү», «Кудайбергендин ботою» өңдүү залкар күүлөрү бизге жеткен.

Мүнүшкөр катары борбаштан тартып бүркүттөрдүн кырааны баатыр чегир, бай чегир, куу чегирлерди таптап, кыраан кылып, илбээсин, айбанаттарды мол алдырган. Ар бир канаттуунун шаңшыганын, барпылдаганын, бабылаганын, сайраганын комузда дал өзүндөй таптак кайырган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.