Үрум башыСузак районундагы суу, Көгарт суусунун оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин бир тармагы Сарыкыр тоосунан башталат. Узундугу 30 км, алабынын аянты 164км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2000 м. Суу Фергана тоо тизмегинин тармактары Сарыкыр жана Акташ тоолорунун коктуларынан башталып, өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүнөн баштап, жаңгак токойлуу өрөөн аркылуу кууш босоголор менен агып өтүп, Көгартка куят. Жылдык орточо чыгымы 1,12м3/сек, эң көбү апрель–майда, эң азы январь–февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Үрүм башы кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү