Үсөнбаев Замирбек – акын. Фрунзе шаарында 1951-жылдын 1-сентябрында туул-ган.

1968-жылы орто мектепти, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1968-жылдан баштап Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармонияда эмгектенет. З.Үсөнбаев чет өлкөлөрдү кыдырып, АКШ, Японияда, Кытай Эл Республикасында, Түркияда, Швецияда өз өнөрүн тартуулаган.

1991-жылдан баштап А.Үсөнбаев атындагы “Кыргыз эл шайырлары” тобунун көркөм жетекчиси.

1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы берилип, Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломанты болгон. 1983-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам берилген.

1991-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылып, 1997-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Музыкалык искусство» адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамы берилген.

2002-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

2011-жылы 3-даражадагы Манас орденинин, 2021-жылы 2-даражадагы Манас ордени ыйгарылды.

1985-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Замирбектин ырлары: – Ф.; Кыргызстан, 1985. – 62 б.

Алымкул төкмө жүз жашта: Эскерүүлөр. – Б.: Баласагын, 1994. – 105 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү