Бактыяр Үсөнкулов (Талас районунун «Арал» айылында 1939-жылы 5-декабрда туулган) - драматург.
Алгачкы эмгек жолун Фрунзе шаарындагы эт комбинатында жана «Чолпон» бут кийим чыгаруучу фабрикасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика кесиби боюнча кечкисин окуу бөлүмүн аяктаган.
1968-жылы Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде редактор, улук редактор, баяндамачы болуп 1999-жылга чейин үзгүлтүксүз иштеген.
1974-жылдан баштап драмалары республикабыздын театрларында коюлуп келет.
1987-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН ЧЫГАРМАЛАРЫ:

Кыргыз тилинде

Ак чач эне: Драмалар жыйнагы.– Ф.: Кыргызстан, 1979. – 79 б.

Жаралуу каркыра: Драмалар жыйнагы.– Ф.: Кыргызстан, 1975.

Ак чардак: Драма.–Ф.: Адабият, 1990. – 121 б.

Жардагы гүл: Драма:–Ф.: Адабият, 1990.

Күн бетиндеги көлөкө: Драма. Б.: Бийиктик, 2000. – 246 б.

ДРАМАЛАРЫ

Кечир ак жылан: Драма. Нарын драмтеатры. (1976).

Күкүк үнү: Драма. Ысыккөл драмтеатры. (1986).

Карагайлуу булак: Драма. Жаштар театры. (1994).

Күн бетиндеги көлөкө: Драма. Толук метраждуу видеофильм, Кыргыз телерадио корпорациясы. 1997.

Унутулган эне: 5 сериялуу телесериал, Кыргыз телерадио корпорациясы (1998).

Нилде калган табыт: Драма, 2001.

Ташкын: Драма, 2002

Ай шооласы: Драма, 2007.