Үтүров Жаманкул (2. 1. 1927, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Комсомол айылы - 9. 7. 1991, Тоң району, Төрт-Күл айылы) - педагог.

Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген мугалими (1976), СССРдин эл мугалими (1980). Пржевальск шаарындагы мугалимдер институтун (1946) жана ОМПИни (1966) бүтүргөн. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Дыйкан орто мектебинде (1946-47), Тон районундагы М. Горький атындагы орто мектепте (1947-51), «Коммунизм» орто мектебинде мугалим (1951-62), окуу бөлүмүнүн башчысы (1962-75), директор (1975-90) болуп эмгектенген. «Алтын бешик» (1987) методикалык жыйнактын, ошондой эле балдарды окутуу жана аларды кесипке багыттоо, эмгекке үйрөтүү маселелерине арналган бир нече көлөмдүү публицистикалык макалалардын автору. Төрткүл айылындагы көчөгө ысмы коюлган. Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4