Үчкөл өрөөнү - Борбордук Теңир-Тоодо, Акшыйрак (чыгыш), Эшегарт, Борду, Көөлү ж-а Төр тоолорунун аралыгында Үчкөл (Сарыжаздын оң куймасы) суусу аккан багытта түштүккө ж-а чыгышка карай созулат. Уз. 90 кмдей, таманынын эң жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 700–1000м.

Таманынын басымдуу бийикт. 2250—3250 м. Өрөөндүн башы Сарычат деп аталып кенен, тепши сымал; байыркы мөңгүнүн мореналары көп кездешет. Ортоңку бөлүгү Ээрташ деп аталып, кууш тоо капталдары өрөөнгө тик түшүп, V формасындагы капчыгайды пайда кылат. Төмөнкү бөлүгү Үчкөл деп аталып, чыгышка карай созулат. Жардуу, тоо капталдары майда кокту-колоттуу. Климаты кескин континенттик; курчаган тоолору мөңгүлүү. Башкөл куйган жерде көл бар. Ландшафттары субальп ж-а альп талаасы, нивалдык-гляциалдык мүнөздө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2