Үчтүк союз (1882) - Германия, Австро-Венгрия жана Италиянын согуштук саясий блогу.

1879-ж. Германия менен Австрия-Венгрия өз ара аскердик союз түзүп, 1882-ж. ага Италия кошулган. 1882-ж. 20-майда саясий жана экономикалык ж. б. маселелер боюнча жашыруун келишимге кол коюшкан. Ошондой эле Франция Италияга же Германияга кол салса, ага союздаш катары бири-бирине колдоо көрсөтүүгө милдеттенишкен. 1904-07-ж. Үчтүк союзга каршы Улуу Британия, Франция жана Россия блогу (к. Антанта) тузүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда Италиянын Антанта тарабында өз союздаштарына каршы согушка кириши (1915) менен Үчтүк союз жоюлуп, Германия менен Австрия-Венгрияга Болгария жана Осмон империясы кошулуп, Төрттүк союз түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4