Үчүнчү жак — жарандык сот жүрүмүндө башка жактардын (тараптардын) доо арызы боюнча козголгон жарандык иштеги мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктары менен укуктарын коргогон жак. Ү. ж-тын 2 түрү жолугат: талашып жаткан нерсеге өз алдынча талабын билдирген жана мындай талапты билдирбеген. Биринчиси эки тарапка тең же алардын бирине жалпы негизде доо коюу менен башталып калган сот жүрүмүнө катышат. Ү. ж-тын бул түрү баардык укуктарга ээ жана доогердин баардык милдетин көтөрөт. Эгер тараптарга катыштыгы боюнча иш чечими алардын укугуна кандайдыр бир таасирин тийгизе турган болсо, экинчиси иш жүрүмүндө доогер же жоопкер тарапта болот (же өз демилгеси боюнча, тараптардын же прокурордун расмий өтүнүчү боюнча сот тарабынан ишке тартылат). Адатта алар өзүнө карата регрессивдүү доо коюлушунун алдыналуу максатын көздөйт. Доо негизин өзгөртүү, доо талабынын өлчөмүн көбөйтүү же азайтуу укуктарын, ошондой эле доодон баштартуу, доону таануу же өз ара тынчтык макулдашуусун түзүү, сот чечимин аткарууга мажбурлоо талабын коюу укуктарын кошпогондо, Ү. ж-тын бул түрү б ардык укуктарга ээ жана тараптардын баардык милдеттерин көтөрөт.

Булактар

түзөтүү
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7