ҮЧ-ЭЛИГ КАГАН – «сары» түргөштөрдүн уруу башчысы. Түргөш кагандыгын түптөө менен жаңы династиянын негиздөөчүсү. Үч-Элиг каган Түргөш кагандыгын 699–706-жылдары бийлеген. Түргөштөр «он ок элинин» улуу конфедерациясына киришкен жана Чүй менен Иле дарыяларынын аралыгын ээлеп турушкан. Үч-Элиг каган. Суйаб шарынн ээлеп, ошол жерге өз ордосун көчүрүп, мамлекеттин чегин кеңейткен. Түргөштөргө караштуу жерлер Сыр дарыянын ортоңку агымына чейин созулган. Үч-Элиг каган кагандыкты жыйырма ээликке бөлгөн. Үч-Элиг кагандын ордуна уулу Сакал каган (700–711) такка олтурган.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү