ҮЧ ТАМАН, үч тапан – балдардын чүкө оюну. Эки же андан көп бала ойношот. Оюнчулар бирден чүкө тигишип, тутум боюнча белгиленген чектен чүкөлөрдү атышат. Сака тийген чүкө ордунан Үx таман алыстаса – чүкөнү алат, ага жетпесе – албайт. Саканы чүкөгө тийгизсе да, тийгизе албаса да ар бир оюнчу бир сыйра чүкөнү атып чыгат.

Ар ким өз сакасы түшкөн жерден мурунку ирети менен оюнду улантышат. Кезектеги оюнчу алыстагы чүкөнү эмес, жакыныраак турган бирөөнүн сакасын да атууга укуктуу. Атылган сака жаткан ордунан Үч тамандан алыстап кетсе, анын ээси оюнга катышпайт. Эгерде ал сака акыркы оюнчунуку болсо жердеги чүкө толугу менен саканы атып чыгарган балага тиешелүү болот. Оюнчу жыдыгандан кийин кезек кийинки атаандашына берилет. Үч таман балдарды шамдагайлыкка, таамайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү