Өгүз
Өгүз - уйдун эн бези алынган эркеги; ноопаздан кийинки жаштагысы. Унаа катары жана эт алыш үчүн багылат. Өгүз букага караганда жоош, жакшы бордолот. Этке бөлүнгөн музоолор 3-5 айлыгында, унаа катары калтырылгандары 8 12 айлыгында (күзүндө же эрте жазда) бычылат. Эт багытындагы өгүздөн 60% (кээсинен андан да көп) таза эт чыгат. Жумушка 2 жашынан көндүрүлүп, 8-9 жылга чейин пайдаланылат, андан кийин бордолуп семиртилет. Өгүздүн терисинен калын жана бышык булгаары жасалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7