Өзбектер
Өзбек (өзбектер, өзбөктөр) (өзбекче жекелик санда: Ўзбек, O’zbek; көптүк санда: Ўзбеклар, O’zbeklar) - түрк элдеринин бири (түрк тилдүү). Өзбекстандын негизги эли. Алтай тил үй-бүлөсүнүн түрк тилдер тобунун карлук бутагына кирген өзбек тилинде сүйлөшөт. Өзбектердин карлук, кыпчак, огуз диалектилеринен тышкары, көптөгөн өткөөл говорлору бар.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/ae/Uzbek_man_from_central_Uzbekistan.jpg/270px-Uzbek_man_from_central_Uzbekistan.jpg)
Өзбектер Караханийлер (10–13 кылымдар) доорунан Аксак Темирдин жана анын урпактарынын дооруна (14-кылымдын экинчи жарымы – 15-кыдымдын акыры) чейин өзүнчө эл катары калыптанып бүткөн. Алтын Ордонун түштүк-чыгыш тарабындагы көчмөн уруулар 15–16 кылымдарда Өзбек хандын ысмынан улам «өзбек» деген ат менен маалым болушкан. Шейбани хандын колун түзгөн көчмөн Аксак Темирдин урпактарынан бийликти тартып алган.
Өзбектер м-н кыргыздар экономикалык, саясий жана маданий жактан эзелтеден бери эле карым-катнашта болушкан. Кыргызстанда 999,300 ашуу өзбек жашайт, алар негизинен түштүк дубандарда турушат.