Өзгөн-Арык – Фергана өрөөнүндөгү байыркы канал. Б. з. ч. 3–1-кылымда курулган. Каналдын узундугу 37 км, жазылыгы 15–30 м. Айрым жерлеринин тереңдиги 25 мге жетет. Кара -Кулжа суусунан башталат. Адырды жондоп батышты карай Өзгөн шаарын аралап, Кызылкырман кыштагынан өтүп барып бүтөт. Каналдын өзүнүн байыркы нугу, жээктери андан илгертеден эле суу үзүлбөй агып жаткандыгын айгинелейт.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.