Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы – өзгөчө кайтаруу жана пайдалануу тартиби орнотулуп, өзүнө жаратылыш комплекси менен өзүнчө жаратылыш объектилерин камтып турган жер участкалары, суу чөйрөсү. Өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймактарына экологиялык, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, саламаттык сактоо жактан өзгөчө мааниге ээ болгон табигый же атайын жасалган жаратылыш комплекстери менен жаратылыш объектилери кириши мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7