Өздүк вектор - сызыктуу алгебрадагы түшүнүк; багытын өзгөртпөстөн скалярга көбөйтүлүүчү вектор. Мейкиндиктин А оператору (өзгөртүүсү) x≠0 векторун ага коллинеардуу векторго өткөртсө, башкача айтканда Ах=λх орун алса, х вектору А операторунун өздүк вектору деп аталат, λ саны A операторунун өздүк мааниси. Мисалы, R-A операторуна карата мейкиндиктин бир өлчөмдүү инварианттуу бөлүгү болсо, Rдин ар кандай нөл эмес вектору А операторунун өздүк вектору болот. Мейкиндиктин ар кандай нөл эмес вектору теңдештик өзгөртүп түзүү үчүн Ө. в. боло алат. Оператор сызыктуу көз каранды эмес п өздүк векторго ээ болсо, анын матрицасы диагональ матрица болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү