Өздүк укук — белгилүү бир тараптын (адам же укуктук жактар) конкреттүү укугу, б. а. белек бирөөлөргө белгилүү аракеттер жасоо (же аракет жасоодон кармануу) талабын коюу мүмкүндүгү.

Мис., жарандар турак жай имараттары ж. б. мүлк- төрдөн пайдаланууга, мураска ээ болууга жанa калтырууга, илимдин, адабияттын жанa искусствонун жаңылыктарын, ойлоп чыгаруу боюнча автордук укукка, о. эле башка дагы мүлктүк жанa өздүк мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга акылуу. Менчик ээси өз мүлкүнө гана ээ болбостон, андан мыйзамга ылайык пайдаланууга, о. эле башкалардан аны бузбоону талап кылууга акылуу. Өздүк укуктун ээси зарыл учурда Өздүк укукту ишке ашыруу же аны коргоо боюнча мамлекеттик ж. б. тийиштүү органдардан, уюмдардан жардам ала алат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.