Өзүн коргоо – күч колдонууга жана коркутуп-үркүтүүгө тыюу салуу принцибине жат, бирок куралдуу колсалууга кирбеген иш-аракеттердин натыйжасында башка мамлекеттер тарабынан бузулган өзүнүн саясий көзкарандысыздыгын, аймактык бүтүндүүлүгүн жана колтийгистигин калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан колдонула турган жооп иретиндеги аракет. Коргонуудан айырмаланып, Ө. к. аракетин укук бузган мамлекеттин аймагына жайылтууга болбойт. Куралдуу мүнөз күтүшү мүмкүн жана тынчтык жолжоболорун алдынала колдонуу менен байланышкан эмес, ошондуктан ал бир жагынан коргонууга окшошуп, дагы бир жагынан репрессалийлерден айырмаланып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү