Өзүн өзү байкоо (философия)

Өзүн өзү байкоо – психикалык ал-абал; иш аракеттин (аң сезим, ой жүгүртүү) аны өз башынан өткөргөн адам тарабынан байкоого алынышы, иликтениши. Бул ыкма 19-20-кылымдын башында адамдардын психикасына байкоо, изилдөө жүргүзүүдөгү негизги ыкмалардын бири болсо да, кийинчерээк объективдүү ыкмасынын пайда болушу менен Өзүн өзү байкоо ыкмасы психологиялык изилдөө ишинде экинчи катардагы кызмат аткаруу менен, анын, натыйжалары объективдүү ыкмага кошумча гана кызмат кыла алат.

Өзүн өзү байкоонун психологиялык изилдөө ишиндеги өз алдынча ыкма катары кароого болбойт, ал изилдөөчүгө болгону «чийки» нерсени берет, бирок ички психологиялык көрүнүштөрдү жалпылоо менен, адам өзүнүн жүрүм турумун жөнгө салат, жаңылайт. Өз жүрүм-турумуна, ой сезимине байкоо жүргүзүү. Психологиядагы айрым идеалисттик көз караш боюнча Өзүн өзү байкоо «ички тажрыйба», «көрөгөчтүк» аркылуу ишке ашат да, психиканы билүүгө мүмкүндүк берет.

Ал түгүл, психологияны башка илимдерден айырмалап турган негизги ыкма ушул гана деген жаңылыш түшүнүк бар. Өзүн өзү байкоо материалдык психологияда мындай байкоо илимий психологиянын негизги ыкмасы, өзгөчө «көрөгөчтүк» катары эмес, кадыресе эле аңдап билүүнүн бир ыкмасы катары каралат

Колдонулган адабияттар түзөтүү