Өзөк (өсүмдүктө) — сабактын жана тамырдын өткөргүч ткань менен курчалган борбордук бөлүгү. Ал адатта кепшек жайгашкан жука кабыктуу па­ренхима клеткаларынан турат.

  • Кай бир өсүмдүктүн Өзөктүнүн составында бөлуп чыгаруу системасы, сүт тутукчөлөрү, склеренхима булалары учурайт. Кээ бир өсүмдүктүн, мис., дан өсүмдуктөрүнун өзөгү эрте бузулат да, сабак түтүк сыяктуу көңдөйлөнөт. Өзөк — азык топтогуч ткань; анда крахмал, инулин, май, өңдөгүч заттар, туз кристаллдары ж. б. топтолот. Жыгач өсүмдүктөрдүн сөңгөгү менен кабыгын аралап өтүүчү парен­хима клеткаларынан турган радиалдык тилкелер Өзөк нурлары деп аталат.
  • Өзөк нурлары аркылуу суу, мине­рал органикалык заттар радиалдык багыт боюнча таралат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн тамырында Өзөк начар өөрчүгөн, кээсинде болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.