Өзөк (стержень):

  • а) материалдар каршылыгында бир өлчөмү калган өлчөмдөрүнөн алда канча чоц болгон узун конструкциялык элемент. Өз ара бириккен түз же ийри сызыктуу Өзөк өзөк системасын түзөт.
  • б) Термелүү теориясында узуну туурасынан кыйла көп болгон серпилгичтүү катуу нерсе. Өзөктүн термелүүсүнүн практикалык мааниси ар түрдүү. Ал кээ бир муз. аспаптарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.