Өз ара аракет – адамдардын аң сезиминде объективдүү чындыктын предметтери менен кубулуштарынын, ошондой эле ошол предметтер менен кубулуштарды чагылдырган ой пикирдин жалпы, текши байланышын туюнткан философиялык түшүнүк.

Өз ара аракет – түз же кыйыр, ички же сырткы байланышынын, мамилесинин бир түрүн билдирет. Дайыма кыймыл аракетте болгон материяны караганыбызда – деп белгилейт Ф. Энгельс, өзүнүн «жаратылыштын диалектикасы» аттуу эмгегинде, биринчиден болуп Өз ара аракетти байкайбыз. (К. Маркс, Ф. Энгельс. соч. т. 20. 546-бет.). Өз ара аракет объективдүү жана универсалдык мүнөзгө ээ болуп себеп менен натыйжанын ортосундагы мамилени аныктайт. Өз ара аракеттин негизинде пайда болгон карама-каршылык объектилердин пайда болушунун, өнүгүшүнүн эң терең булагы, эң негизги жолунун акыркы себепкери болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү