"Өз жазасын тартуу учур" (англ. Atonement) - британиялык жазуучу Иэн Макүэндин, адамдын өзүнүн күнөөсүн түшүнүп, моюнуна алганын чагылдырган метапрозалык романы. Романдын окуясы үч башка замандарда орун алат: 1935-жылдагы Англияда, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Англия жана Францияда, заманбап Англияда. Анда жогорку класстагы кыздын тагдырларды талкалаган жарым-күнөөсүз катасы, чоңойгондо ошол катанын көмүскөсүндө калганы жана жазуунун табияты жөнүндө ой жүгүртүүлөрү баяндалат.

Макүэндин эң мыкты чыгармасы катары, "Өз жазасын тартуу учур" 2001-жылы Booker сыйлыгынын талапкери болгон. 2010-жылы, TIME журналы чыгарманы 1923-жылдан бери жарыкка чыккан 100 эң мыкты англис тилиндеги романдардын тизмесине кошкон.

2007-жылы китеп боюнча тартылган тасма, BAFTA жана Оскар сыйлыктарына ээ болгон, тасманын башкы ролдорун Сирша Ронан, Жеймс Макэвой жана Кира Найтли аткарган, режиссеру Жо Райт болгон.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү