Өкүм – соттолуучу адамдын күнөөлүү же күнөөсүздүгү жана ага карата жазанын колдонула же колдонулбай тургандыгы тууралуу соттун чыгарган чечими, КР соту Ө-дү КРдин атынан кабыл алат. Ө. мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкат болууга тийиш. Эгер сотко сунуш кылынган далилдер баардык жагынан калыс иликтенген болсо, Ө. негиздүү деп таанылат. Ө. өзүнчө жайда сот тарабынан кабыл алынат. Ө. кабыл алынып жаткан маалда ошол ишке тийешеси бар сот курамы гана катыша алат. Башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт. Ал айыптоо же актоо мүнөзүндө болот. Ө. кириш, сыпаттоо жана резолюция бөлүмдөрүнөн турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү