Атабекова Өлмөсхан (1922, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Айдар кыштагы - 1987, ошол эле жерде) - колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Эмгек жолун Базаркоргон районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1940-44-ж. звено башчысы, 1949-53-ж. пахтачылык бригаданын бригадири. 1953-жылдан Ленин районундагы Фрунзе атындагы колхоздун башкармасы. Ал башкарган колхоз Ош облусундан экономикалык жактан алдыңкы чарбага айланып, айдоо жери 2 эсе, малдын саны 78 %ке, сүт саап алуу 5 эсе, жүн кыркып алуу 2 эсеге көбөйгөн; ар га жерден 24,6 ц пахта жыйналган. 195862-ж. СССР Жогорку Советинин, 1959-84-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 197175-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орунбасары. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.

Атабекова Өлмөсхан
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Атабекова Өлмөсхан
Туулган жылы: 1922-жылы
Туулган жери: Көк-Айдар кыштагы, Жалал-Абад, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Каза болгон жылы: 1987-жылы
Ишмердүүлүгү: колхоздо колхозчу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.