Өлөң– кыргыз оозеки адабиятындагы лирикалык текке кирүүчү жанр. Мында үй-бүлө, сүйүү, ашыктык темасы ырдалган. Өлөң өзүнчө музыкалуулукка, обондуулукка ээ болуп, аягы созулуп аяктаган да, жеке адам же жамаат тарабынан аткарылган. Кыргыз улуттук фольклорунда сейрек кездешкен он бир муун өлчөмүндө чыгарылган. Көбүнчө салттуу саптар (“Мен бир өлөң айтайын мындай кылып, тегирменден чыгарган ундай кылып...”) менен башталган. Алайлык кыргыздардын Өлөңүнөн үзүндү:

Ай четинде бир жылдыз, чолпончо бар, Жигит кетсе, кыямат болгончо бар. Кемпир кетсе, ак болот сынганча бар. Кыздар кетсе, кызыл гүл соолгончо бар. Сар сай камыш, сай камыш сайга бүтөөр, Саралалуу көп жылкы элге бүтөөр. Саралаңды көп айдап бекер бербейм, Көрүп жүрүп сулуудан куру калбайм. (Элдик ыр)

Казак элинде кеңири тараган лирикалык ырлар. Элдик оозеки чыгармачылыкта, акындар поэзиясында, жазма адабиятта (А. Кунанбаев) учурайт. Көбүнчө тойлордо ырдалган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004